2 комнаты, Джал мкр (в т.ч. Верхний, Нижний, Средний) Собственник, Семейным, от 6 месяцев, от 1 года, С мебелью полностью
64 999 сом/мес
Бишкек, Нижний Джал (Джал-23)
Размещено: 2 часа назад
Связаться
Характеристики
- Тип жилья
- Квартира
Описание
Ортоңку Жалдын маңдайында Тыналиев көчөдө 2 бөлмөлүү батир ижарага берилет (84 м²). Үйдүн ЭЭСИНЕН түз сунуш: 3-кабат, негизи 3 бөлмөлүү батирлер 2 бөлмө кылганбыз. Бир тынч жашаган үй-бүлөгө ылайыктуу болот. Мурун эч качан эч кимге ижарага берилген эмес, өзүбүз жашадык. Баары мыйзамдуу: расмий келишим түзүлөт, патент бар. Баасы: айына 65000 сом эгерде 1 жылдан ашык келишим түзүлсө жана 3-4 адамдан көп эмес болсоңор. Чоң жана кенен ашкана: Балалуу үй-бүлөлөр үчүн абдан ыңгайлуу. Узун жумушчу зонасы (мрамор стилиндеги үстөл үстү), чоң тамактануучу үстөл жана жумшак кухонный диван бар. Изоляцияланган тиричилик зонасы: Чоң эки камералуу муздаткыч жана газ плитасы айнектелген лоджияга чыгарылган, бул ашканада бош орунду максималдуу сактоого мүмкүндүк берет. Кенен конок бөлмөсү (Гостиная): Абдан жарык (эки терезеси бар), шыптары бийик, кооз карниз жана люстрасы менен. Бөлмөдө чоң бурчтук диван, дубалга орнотулган сыналгы жана акустикалык пианино бар. Абдан чоң уктоочу бөлмө (Спальня): Бөлмөнүн аянты абдан кенен, бир нече керебеттер орнотулган. Терезенин жанындагы бөлүгүн окууга же жумушка ылайыктап колдонсо болот. Ыңгайлуулук: Кондиционер, бардык бөлмөлөрдө ламинат төшөлгөн, пластик терезелер. Коридор ашкананы башка жашоо бөлмөлөрүнөн бөлүп турат. Турмуш-тиричилик техникасы толугу менен: Бышыруучу бет, духовка, соргуч (вытяжка), кир жуугуч машина, микротолкундуу меш, суунун фильтр бар. Розеткалар ыңгайлуу жерлерде жайгашкан. Короосу жана инфраструктура: Тынч жабык короосу бар, унаа токтотууга (парковкага) дайыма орун табылат. Үйдүн дал жанында электромобилдерди кубаттоочу станция (электрозарядка) бар. Шаардын эң таза жана өнүккөн району. Батир таза жана жоопкерчиликтүү жашай турган адамдарга узак мөөнөткө берилет.
Кадры 24
Работа по всей России: вахта и подработка. 10 лет на рынке.







